Редакцияот 28.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү VIII-сессиясы

2022-жылдын 28-январы № 5

Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Н.М.Узакбаевдин менчик жеңил автомобилин кызматтык сапарларга пайдалангандык үчүн компенсация төлөө жөнүндө

Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Н.М. Узакбаевдин менчик жеңил автомобили маркасы Honda Odyssey номердик белгиси S 9039 AS кызматтык сапарларга пайдалангандык үчүн компенсация төлөө жөнүндө маалыматтын угуп жана талкуулап, талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан айыл өкмөттүн башчысынын ишинин түрү жана кызматтык милдеттерине байланыштуу иш сапарларга чыгуу зарылчылыгы белгиленди, андан тышкары күйүүчү-майлоочу материалдарга, автомобилдин эскирүүсү жана фактылык запастык тетиктерге чыккан чыгымдар эске алынды.

Жогоруда айтылгандын негизинде, кезектүү айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу Курама айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Б.К. Космосаалиевге Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Н.М. Узакбаевге менчик жеңил автомобилин маркасы Honda Odyssey номердик белгиси S 9039 AS кызматтык сапарларга пайдалангандык үчүн компенсация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген нормада төлөнүп берилсин.

2. Жеке менчик жеңил автомобилин кызматтык сапарларга пайдалангадыгы жөнүндө компенсация жердин табигый-климаттык шарттарын эске алуусу менен жана эксплуатациялоо боюнча чыгымдардын ордун толтуруу менен төлөнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу бюджеттик комиссиясынын төрагасы Д.М. Манамкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Р. Мамбеталиев