КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү VIII-сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 1
2021-жылдын бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2022-жылга карата Курама айыл өкмөттүн бюджетин бекитүү жөнүндө
Курама айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.К. Космосаалыевдин 2021-жылдын бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2022-жылга Курама айыл өкмөттүн бюджетин бекитүү жөнүндө маалыматтын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 27-беренесине ылайык, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.К. Космосаалыевдин 2021-жылдын бюджеттин аткарылгандыгы боюнча: киреше бөлүгү – 17 983,2 миң сом; чыгаша бөлүгү 18 911,5 миң сом отчету эске алынсын.
2. Курама айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 2022-жылга 22 889,0 миң сомго бекитилсин, анын ичинен: бюджет боюнча 20 809,0 миң сом; атайын счет боюнча 2080,0 миң сом суммасында бекитилсин.(№1, №2 тиркеме)
3. 2021-жылдын 1-январында 4450,9 миң сом суммасында эркин калган калдыктарды эсептөөсү жүргүзүлсүн,
анын ичинен: бюджет боюнча – 4260,2 миң сом; атайын счет боюнча – 190,7 миң сом. (№3, №4 тиркеме)
4. Резервдик фонд 189,1 миң сом суммасында бекитилсин.
5. Штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу бюджет комиссиясынын төрагасы Д.М. Манамкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Р. Мамбеталиев |