КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы
2021-жылдын 1-декабры № 37
Панфилов айылынын Каптал-Арык мкр. мини-футболдук аянтча куруу жөнүндө
Курама айылдык кеңештин төрагасы Р.Р. Мамбеталиевдин Панфилов айылынын Каптал-Арык мкр. мини-футболдук аянтча куруу жөнүндө маалыматтын угуп жана талкуулап жана айылдык аймакта спортту өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Курама айылдык кеңештин 9-чакырылышынын депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Панфилов айылынын Каптал-Арык мкр. мини-футболдук аянтча куруу” боюнча долбоорго катышууга бюджеттен 300 000 сом акча каражаты каралсын.
2. “Панфилов айылынын Каптал-Арык мкр. мини-футболдук аянтча куруу” боюнча долбоорго катышууга демилгелүү топ төмөнкү курамда бекитилсин:
1. Бейсембаева М.Т. – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
2. Мамбеталиев Р.Р. – айылдык кеңештин төрагасы
3. Ниязалиев У.М. – айылдык кеңештин депутаты
4. Жееналиев Р.Б. – ТЖК чарбанын башчысы
5. Исаева Д.З. – айыл өкмөттүн адиси
3. “Панфилов айылынын Каптал-Арык мкр. мини-футболдук аянтча куруу” боюнча долбоорго катышууга мониторинг тобу төмөнкү курамда бекитилсин:
1. Кулубаев Б.С. – айыл өкмөттүн адиси
2. Бейшенкулова Н.С. – айылдык кеңештин депутаты
3. Азылов С. –Панфилов а. Каптал-Арык мкр. тургуну
4. Самаганов Н. –Панфилов а. Каптал-Арык мкр. тургуну
5. Джаналиева Ч. –Панфилов а. Каптал-Арык мкр. тургуну
Төрага | Р.Р. Мамбеталиев |