Редакцияот 01.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы

2021-жылдын 1-декабры № 36

Панфилов айылына мини-футболдук аянтча куруу жөнүндө

Курама айылдык кеңештин төрагасы Р.Р. Мамбеталиевдин Панфилов айылына мини-футболдук аянтча куруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап жана Курама айыл аймакта спортту өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Курама айылдык кеңештин 9-чакырылышынын депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Панфилов айылына мини-футболдук аянтча куруу” боюнча долбоорго катышууга демилгелүү топ төмөнкү курамда бекитилсин:

1. Бейсембаева М.Т. – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

2. Мамбеталиев Р.Р. – айылдык кеңештин төрагасы

3. Мамбеталиев Р.С. – айылдык кеңештин депутаты

4. Жееналиев Р.Б. – ТЖК чарбанын башчысы

5. Исаева Д.З. – айыл өкмөттүн адиси

2. “Панфилов айылына мини-футболдук аянтча куруу” боюнча долбоорго катышууга мониторинг тобу төмөнкү курамда бекитилсин:

1. Кулубаев Б.С. – айыл өкмөттүн адиси

2. Бейшенкулова Н.С. – айылдык кеңештин депутаты

3. Жекшенов М. –Панфилов айылынын тургуну

4. Эркинбек у. Р. –Панфилов айылынын тургуну

5. Усенова Ж.  –Панфилов айылынын тургуну

 

Төрага

Р.Р. Мамбеталиев