Редакцияот 01.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы

2021-жылдын 1-декабры № 31

Шейшеналиев атындагы орто мектебине СИП кабель алуу үчүн бюджеттин бөлүмдөрүндө эркин калган калдыктардын эсебинен акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө

Курама айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Б.К.Космосаалыевдин Шейшеналиев атындагы орто мектебинин жылытуу системасынын иштешин жана температуралык режимин сактоо максатында СИП кабель менен камсыздоо үчүн бюджеттин бөлүмдөрүндө акча каражаттарынын жылдыруу зарылчылыгы келип чыккандыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап жана айылдык кеңештин туруктуу бюджеттик комиссиясынын протоколдук чечимин эске алуу менен, Курама айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курама айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Б.К.Космосаалыевге эркин калган калдыктын эсебинен 130,0 миң сом акча каражатын “ТЖК” бөлүмүнөн 22221200 “Чарбачылык максатында кезектеги башка буюм жана материалдарды сатып алуу” беренесинен “Орто мектептер” бөлүмүнүн 22211100 “Кезектеги имараттын жана бөлмөлөрдүн ремонтун жүргүзүүсүнө чыгашалар” беренесине жалпы 130,0 миң сом, Шейшеналиев атындагы орто мектебине СИП кабель алуу максатында, акча каражаттын жылдыруусун жүргүзсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Р. Мамбеталиев