КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы
2021-жылдын 1-декабры № 29
“Туракжай-коммуналдык чарба” бөлүктөн “Башка имараттарды ремонттоо” 31113390 беренесинен 22141100 “Бензин, дизель “ беренесине 4-чейректе кредиттерди жылдыруу жөнүндө
Курама айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Космосаалыев Б.К. 4-чейректе кредиттерди жылдыруу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап жана Орто-Арык айылынын тургундарын таза суу менен камсыздоо боюнча жаралган өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Б.К.Космосаалыевге 2020-жылдын 4-чейрегинде кредиттерди жылдыруу “Туракжай-коммуналдык чарба” бөлүктөн “Башка имараттарды ремонттоо” 31113390 беренесинен 280,0 миң сом акча каражаттын кемитип, анын эсебинен “Бензиль, дизель” 22141100 бересине 280,0 миң сомго көбөйтүү жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Р. Мамбеталиев |