Редакцияот 02.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2022-жылдын 2-марты № 52

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылган иштери жөнүндөгү отчёту жана 2022-жылга карата иш-милдетттери жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин 2021-жылдын жыйынтык иштери жөнүндө отчету жана 2022-жылга карата милдеттери боюнча, Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыев 2021-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2022-жылга милдетттери жөнүндөгү отчету канаттандырарлык деп табылсын

2. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрайым

Б.Калмурзаева