Редакцияот 02.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2022-жылдын 2-марты № 55

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 15-Жаш айылынын Шыргыма участогуна суу келбегендигине байланыштуу каналды тазалоо жана суу чыгаруу жөнүндө

15-жаш айылындагы Шыргыма участогуна суу келбегендигине байланыштуу айдоо жерлерине мөмө- жемиш, бак-дарак өстүрүү үчүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алика айыл өкмөтүнө караштуу 15-Жаш айылынын Шыргыма участогуна канал менен суу алып келүү үчүн акча каражат жагынан жардам берүүгө жана смета түзүлүүсү Салам-Алик айыл өмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин

2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым

Б.Калмурзаева