Редакцияот 02.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2022-жылдын 2-марты № 57

Салам-Алик айыл өкмөтүнөн балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүк жана паспортун берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти (мындан ары департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү келишимин аткарууга алуу максатында Салам-Алик айыл өкмөтүнөн балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүк, паспортун алуу үчүн жана документтерди берүү боюнча Салам-Алик айыл өкмөтүнүн адиси Калдаров Бекназардын билдирүүсү боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнөн балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүк, паспортун берүү үчүн жана башка тиешелүү документтерди берүүгө жана даярдоого, калкты каттоого алуу иштери аткарууга алынсын.

2. Токтомду көзөмөлдөө жагы “Билим берүү, маданят, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социальдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым

Б.Калмурзаева