Редакцияот 02.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2022-жылдын 2-марты № 59

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы К.Нуралиева 2021-жылдын бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүктөрүнүн аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы К.Нуралиеванын 2021-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдын ичинде киреше бөлүгүнүн суммасы 18 377,0 (он сегиз миллион үч жүз жетимиш жети миң) сом суммасында, ал эми чыгаша бөлүгүгүнүн аткарылышы 17 144,7 (он жети миллион бир жүз кырк төрт миң жети жүз) сом суммасында бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым

Б.Калмурзаева