Редакцияот 25.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 13-кезектеги отурумунун

2022-жылдын 25-январы № 13/8

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Айдарбек уулу Назарбектин К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планынын долбоору боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап,К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планы бекитилсин.

2. Иш планда бекитилген маселелерди мезгилинде камсыз кылуу жагы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго, тиешелүү кызмат адамдарына жана мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.

3. Айылдык кенешинин 2022-жылга карата бекитилген иш планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиялардын төрага, төрайымдарына тапшырылсын.

 

К. Белекбаев атындагы

Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Л.Койчиев