Редакцияот 25.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 13-отурумунун

2022-жылдын 25-январы № 13/4

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн балансындагы Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ыкчам башкаруусу менен пайдалануудагы атайын техникалырдын коммерциялык ишмердүүлүгүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө

Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы К.Газиевдин “Жайыт комитетинин” башкаруусунда турган техникаларды коммерциялык максатта кызмат көрсөтүүгө болгон нарктарын бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ыкчам башкаруусунда турган атайын техникалардын коммерциялык максатта көрсөткөн кызматы үчүн алынуучу нарктары (тарифтери) тиркемеге ылайык бекитилсин. №1 тиркеме (2 баракта)

2. Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн киреше төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.

- 10%техникаларды башкаруучу жетекчиге

- 10% техниканын келечегине ремонтуна (оңдоп түзөө үчүн)

- 30% жайыттарды жакшыртууга

- 30% күйүүчү майга (ГСМ)

- 20% механикке (айдоочуга)

3. Техникалардын кызмат көрсөтүүсүнөн түшкөн пайданы максаттуу пайдаланып, жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга багыттоо жана техникаларды ардайым оң абалда кармоо жайыт комитетинин төрагасы К.Газиевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү туруктуу депутаттык комиссияга тапшырылсын.

 

К. Белекбаев атындагы

Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Л.Койчиев

 

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин   2022-жылдын 25-январындагы №13/4 токтомунун №1  тиркемеси

Фронтальный погрузчиктин коммерциялык максаттагы кызмат көрсөтүүгө тарифи

№

Чыгымдар

Ченөө бирдиги

1 сааттагы чыгым

Баасы сом менен

Сумма сом менен

эскертүү

1

Топуракка механикалык иштеп берүү менен жүк жүктөө учурундагы күйүүчү майдын чыгымы

Мото/саат

18 литр

60 сом

1000

 

2

Майлоочу май

кг

0,01248

80 сом

100

 

3

Погрузчиктин эмгек акысы

сом

 

 

500

 

Техниканын чыгымы:

1600

 

1

Кызмат үчүн

сом

1

1000

1000

 

 

Баары:

 

 

 

2600

 

Фронтальный погрузчиктин 1 жылга карата утурумдук оңдоолорго жумшалуучу чыгымдар

№

Чыгымдар

Ченөө бирдиги

Бирдик баасы

Сумма сом  менен

Эскертүү

1

Салык

 

3000

3000

Жылдык салык бекитүү

2

Техникалык кароо

 

5000

5000

Ремонтуна карап бөлүштүрүү

3

Майлоочу материалдар

 

13000

13000

 

4

Керектүү тетиктер

 

30000

30000

 

5

Күтүлбөгөн чыгымдар

 

10000

10000

 

 

Бардыгы

 

 

61000

 

ХОВО автосамосовалынын коммерциялык максаттагы кызмат көрсөтүүгө тарифи

Чыгымдар

Ченөө бирдиги

Жүк көтөрүмдүүлүгү

Шагыл топурак

Тазалоо мусор (сом)

эскертүү

Автосамосовалдын иштөө тарифи айыл аймагы ичинде

тонна

15

3500

1800

200км 12000 сом (Сопу-Коргон –Ош)

ХОВО автосамосовалынын 1 жылга карата утурумдук оңдоолорго жумшалуучу чыгымдар

№

Чыгымдар

Ченөө бирдиги

Бирдик баасы

Сумма сом  менен

Эскертүү

1

Салык

Макулдук тарифке

7295

7295

Жылдык салык бекитүү

2

Техникалык кароо

 

4000

4000

Ремонтуна карап бөлүштүрүү

3

Майлоочу материалдар

 

14000

14000

Май алмаштыруу үчүн

4

Керектүү тетиктер

 

30000

30000

 

5

Күтүлбөгөн чыгымдар

 

15000

15000

 

 

Бардыгы

 

 

70295

 

Техникалардын тарифи боюнча түшүндүрмө:

Автосамосовал айыл аймагы боюнча рейсине 3500 сом. Айыл өкмөтүнөн сырткары тоннасына 800 сом жолдун алыс жакынына карап айдоочу өзү баалашат.

Автопгрузчик айыл аймагында саатына 2600 сом. Айыл өкмөтүнөн сырткары саатына 3500 сом. Айыл өкмөтүнөн сырткары жумуш аткарса айдоочу ишке карап өзү баалашат да, кирешенин 40% ын айыл өкмөтүнө төгөт.

Техникалардын айылдарга жумуштарга баруу жана келүү чыгымдары төмөндөгүдөй:

- Аскалы айылына 40 литр күйүүчү май

- Терек, Чий-Талаа, Жерге-Тал жана Таргалак чатына 10 литр күйүүчү май