К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 13-отурумунун
2022-жылдын 25-январы № 13/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2021-жылга аткарылышы 2022-жылга милдеттери 2023-2024-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө.
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2021-жылдагы аткарылышы жана 2022-жылга милдеттери жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысы Кулов Анарбектин баяндамасын угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 13-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2021-жылдагы аткарылгандыгы белгиленсин.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2022-жылга бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу планы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн планын ишке ашыруу тиешелүү кызмат адамдарына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын тескөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жана туруктуу комиссияларынын төрага, төрайымдарына жүктөлсүн.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |