Редакцияот 25.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 13-отурумунун

2022-жылдын 25-январы № 13/2

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1 731,8 сом калган калдык акча каражатын, 2022-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган 1 731,8 сом калдык акча каражатын 2022-жылдын бюджетине иштетүү боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж. Шарипова жана айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичтин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап,

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган 1 731,8 сом калдык акча каражатын 2022-жылдын бюджетине иштетүү боюнча К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж. Шарипова жана айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичтин билдирүүлөрү эске алынсын.

2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата 2021-жылдан пайдаланылбай калган 1 731, 8 сом анын ичинде атайын каражаттар эсебинде 63,7 сом калдык акча каражатын 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилип, төмөндөгү бөлүмдөрдүн тиешелүү беренелерине иштетилсин.

Аталышы

Бөлүк

Сумма               (миң сом) менен

Аппарат

701

313,0

Эконом маселелер

704

150,0

ЖКХ

706

134,9

Библиотека

70821

26,0

Клуб

70823

13,0

Бала бакча

70911

246,7

Башталгыч мекмеп

70923

132,0

Орто мектеп

70921

716,2

Жыйыгтыгы

1 731,8

 

3. 2021-жылдан калган калдык акча каражатын 2022-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелүүчү беренесине отургузуп, тиешелүү эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу  С.Карыбековго жүктөлсүн.

4. 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип, иштетүүгө уруксат берүү жагы Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А. Куловго милдеттендирилсин.

 

К. Белекбаев атындагы

Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Л.Койчиев