Редакцияот 25.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 13-отурумунун

2022-жылдын 25-январы № 13/1

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115- беренесине ылайык 2022-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыкты жылдын жыйынтыгы менен сметага киргизүү жөнүндө

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2022-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыкты жылдын жыйынтыгы менен депутаттардын жана бюджеттик комиссиясынын корутундусунун негизинде сметага киргизилсин.

2. Калган калдыктын расчетторун түзүп, чыгымдалышын аткаруу менен ар бир статьянын жумшалышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башкы эсепчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу С.Карыбековго тапшырылсын.

3. Сметага кошумча киргизүү жана бекитип берүү жагы расчеттун негизинде Алай райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.

 

К. Белекбаев атындагы

Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Л.Койчиев