Редакцияот 25.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 13-отурумунун

2022-жылдын 25-январы № 13

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2021- жылдын маалыматы 2022-жылга бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө.

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү –2 4412,5 миң сом болсо ал эми анын ичинен теңдештирүүчү трансферт -7 964,5 миң сом, максаттуу трансферт -1370,1 миң сом, өздүк киреше -7 068,7 миң сом, (анын ичинде атайын каражат - 650,0 мин сом) болуп чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен -22240,0 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга киреше бөлүгү- 18070,0 миң сомго ( анын ичинен өткөн жылдан калган калдык -172,5 миң сом, теңдеширүүчү трансферт -8050,1 миң сом, өздүк киреше -6991,2 сом анын ичинен атайын каражат –798,3 миң сом, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер –2856,2 миң сом) чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен -16338,2 миң сомго аткарылышы боюнча маалымат жактырылсын.

3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү -14 800,1 миң сомго бекитилсин, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт -8 330,0 миң сом, өздүк кирешелер -6 470,1 миң сом, анын ичинен атайын каражат  - 650,0 миң сом) болгондугу белгиленсин.

4. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылга карата болжолду плны - 14 986,1 миң сомго,( анын ичинен теңдештирүүчү трансферт -8 330,0 миң сом, өздүк кирешелер - 6 656,1 миң сом,  ал эми 2024-жылга карата болжолду плны - 15121,1 миң сом анын ичинен теңдештирүүчү трансферт -8 330,0 миң сом, өздүк кирешелер  - 6 791,1 миң сом өлчөмүндө бекитилип, мыйзам чегинде толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кабыл алынсын..

5. Жергиликтүү жана республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттарын чынымдоону жыл ичинде өз максатында, сарамжалдуу пайдалануу жергиликтүү өз алдынчы башкаруу органдарынын тиешелүү баардык кызматкерлеринен, баардык билим берүү жана маданият тармагынын мекемелеринин жетекчилеринен талап кылынсын, ошондой эле аны көзөмөлдөө ФЭБнүн убактылуу милдетин аткаруучусу С. Карыбековго тапшырылсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.

 

К. Белекбаев атындагы

Алай айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Л.Койчиев