К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 12-отурумунун
2021-жылдын 27-декабры № 12
Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга бекитилген сметасынын такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Алай айылдык кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз 12-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга бекитилген сметасында үнөмдөлгөн беренелерден зарыл болгон кээ бир беренелерге өзгөртүү киргизип тактоо жагы каралсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | берене | 4-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
70111 | Аппарат | Сапар чыгымдары | 2211 |
| 11,8 |
70629 | ЖКХ | Башка кызмат көрсөтүү | 2215 |
| 0,7 |
70821 | Китепкана | Учурдагы ремонт | 2221 |
| 1,2 |
70911 | Бала-бакча | Учурдагы чар-к максат | 2222 |
| 0,8 |
70911 | Бала-бакча | Имараттар жана курулмалар | 3111 |
| 34,9 |
70921 | Орто мектептер | Башка кызмат көрсөтү | 2215 |
| 1,6 |
70921 | Орто мектептер | Электр энергиясына акы | 2231 | 51,0 |
|
| баардыгы |
| 51,0 | 51,0 | |
2. Жогорудагы акча каражатын 2021-жылга бекитилген сметасында өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы А.Кулов жана финансы-экономика бөлүмунүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу С.Карыбековго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алай айылдык кенешинин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Ж.Шариповага милдеттендирилсин.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |