К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 8-отурумунун
2021-жылдын 10-ноябры № 8/2
К.Белекбаев атындагы Алай өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга бекитилген сметасында теңдештирүүчү трансферт жана өздүк кирешенин такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Алай айылдык кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз 8-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга бекитилген сметасында теңдештирүүчү трансферттин үнөмдөлгөн беренелерден зарыл болгон кээ бир беренелерге жылдыруу жана өздүк кирешенин планына өзгөртүү киргизип жана тактоо жагы каралсын.
К/н | Болумдордун аталышы | Берененин аталышы | беренелери | 4-квартал 2021-жыл | |||
Тендештируу трансферт | Оздук киреше | ||||||
Көбөйтүү (+) | азайтуу (-) | Көбөйтүү (+) | азайтуу (-) | ||||
1 | Аппарат | Эмгек акы | 2111 |
| 242,2 | 242,2 |
|
2 | Бала-бакча | Имараттар жана курулмалар | 3111 | 222,2 |
|
| 222,2 |
3 | Орто мектеп | Башка кызмат көрсөтүү | 2215 | 20,0 |
|
| 20,0 |
|
| Баардыгы |
| 242,2 | 242,2 | 242,2 | 242,2 |
2. Жогорудагы акча каражатын 2021-жылга бекитилген сметасында теңдештирүүчу трансфертке жана өздүк кирешенин планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы А.Кулов жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Карыбековго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Ж.Шариповага милдеттендирилсин.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |