Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта – Талдык айылдык кеңешинин кезектеги VIII – сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)

2021-жылдын 10-декабры № 8/2

Катта-Талдык айылдык кеӊешинин аймагындагы Баш-Булак айылындагы маданият үйү менен спорт сарайдын жер аянтынан 150м² жер тилкесине стоматология имаратын куруу жөнүндө

Катта-Талдык айылдык кеӊешинин Баш-Булак айылындагы маданият үйү менен спорт сарайдын аянтынын аймагынан стоматология имаратын курууну канааттандыруу максатында Катта-Талдык айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылында тургундардын ден-соолугун чыӊдоого стоматологиянын имаратын куруу максатында айылдын маданият үйү менен спорт сарайдын жер аянтынан 150м² жер тилкесине имарат курууга сунуш берилсин.

2. Айылга стоматологиянын имаратын куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-суу районунун “Кадастр”мамлекеттик мекемесине, Архитектура жана курулуш башкармасына сунушталсын

3. Керектүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнөн суралсын

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Катта-Талдык айылдык

кеӊешинин төрагасы:

 

А.А.Муратов