Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги VIII– сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)

2021-жылдын 10-декабры № 8/3

Катта-Талдык айылдык кеӊешинин аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы жер аянттарын өнөр жайынан,транспорттун, байланыштын,энергетиканын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

Катта-Талдык айылдык кеӊешинин депутаттары “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдын 10-декабрындагы №01-8-5-04-06-692 чыгыш сандары менен берилген корутундулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-бөлүкчөсүнүн талаптарына ылайык Катта-Талдык айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылынын №1125 инвентардык контурлардагы жалпы аянты 4,0 га кайрак айдоо жер аянтынын “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан “өнөр жайынын,транспорттун,байланыштын,энергетиканын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”категориясына макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Катта-Талдык айыл өкм­ө­түнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын .

 

Катта-Талдык айылдык

кеӊешинин төрагасы:

 

А.А.Муратов