Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта –Талдык айылдык кеңешинин кезектеги VIII– сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)

2021-жылдын 10-декабры № 8/4

Катта-Талдык айылдык кеӊешинин аймагындагы Баш-Булак айылындагы мектептин башкы планда көрсөтүлгөн жер тилкесине мектептин жаӊы имаратын куруу жөнүндө

Катта-Талдык айылдык кеӊешинин аймагындагы Баш-Булак айылынын тургундарынын мектептин жаӊы имаратын куруу суроо-талабын канааттандыруу максатында Катта-Талдык айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылынын тургундарынын мектептин жаӊы имаратын куруу суроо-талабын канааттандыруу максатында айылдын башкы планда көрсөтүлгөн жер тилкесине мектептин жаӊы имаратын курууга сунуш берилсин.

2. Айылга мектептин жаӊы имаратын куруу үчүн тиешелүү органдарга, коомдук кайрымдуулук фонддорго кайрылуу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Катта-Талдык айылдык

кеӊешинин төрагасы:

 

А.А.Муратов