КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта – Талдык айылдык кеңешинин кезектеги VIII – сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)
2021-жылдын 10-декабры № 8/5
Катта-Талдык айыл аймагындагы социалдык объектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы К.Ишанкулов атындагы көчөгө асфальт төшөө долбоорун карап чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы К. Ишанкулов атындагы көчөгө асфальт төшөө долбоору жактырылсын.
2. Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы К. Ишанкулов атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна айылдык аймактын 2022-жылкы кирешелер бөлүгүнөн өздүк салым үчүн 718699 (жети жүз он сегиз миӊ алты жүз токсон тогуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы инвестиция тартуу, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А.А.Муратов |