Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта – Талдык айылдык кеңешинин кезектеги VIII – сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)

2021-жылдын 10-декабры № 8/6

Катта-Талдык айыл аймагындагы социалдык объектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө

Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Талдык айылындагы И. Сулайманов атындагы орто мектебинин аймагына кичи фудбол аянтчасын куруу долбоорун карап чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Талдык айылындагы И. Сулайманов атындагы орто мектебинин аймагына кичи фудбол аянтчасын куруу долбоору жактырылсын.

2. Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Талдык айылындагы И. Сулайманов атындагы орто мектебинин аймагына кичи фудбол аянтчасын куруу долбооруна айылдык аймактын 2022-жылкы кирешелер бөлүгүнөн өздүк салым үчүн 450553 (төрт жүз элүү миӊ беш жүз элүү үч ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы инвестиция тартуу, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Катта-Талдык айылдык

кеӊешинин төрагасы:

 

А.А.Муратов