КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта – Талдык айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)
2021-жылдын 21-январы № 9/1
«Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылдагы аткарган иштери,2022-жылга бюджетин ,жамааттык планын жана жайыттарды пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды өткөзүп берүү келишимин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндөгү №30 26.01.2009-жыл мыйзамынын 6,7 беренелерине ылайык, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчеттук чогулушунун протоколуна ылайык Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021- жылкы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2022 жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2022 жылга бюджети бекитилсин.(бюджет тиркелет)
4. Жайыт комитетинин сунушунун негизинде малдан алынуучу жайыт акы 2013 жылдагы баа калтырылсын.
а) Айыл аймагынын тургундары үчүн
1.Бир баш малга -125 сом
2.Бир баш кой-эчкиге-25 сом
3.Бир баш жылкыга 185 сом
б) Четтен келген мал кой жылкылар үчүн.
1.Бир баш малга -300 сом
2.Бир баш кой-эчкиге-50 сом
3.Бир баш жылкыга 500сом
5. Жайыттарга мал жаю менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга төмөндөгүдөй баа белгиленсин.
1.Маданий ден-соолукту чындоочу туристик иш чаралар үчүн 1га жер үчүн 1000 сом
2.Табигый тоют даярдоо үчүн 1га жер үчүн 500 сом
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча Катта-Талдык айыл өкмөтү менен жайыт комитетинин ортосундагы келишим бекитилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы инвестиция тартуу, бюджет жана экономикалык өнугүү боюнча комиссиясына тапшырылсын
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А.А.Муратов |
Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2022-жылга карата
Киреше бөлүгү
№ | Кирешелердин аталышы | Сумма |
1. | Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардан | 500 000 |
| Баары: | 500 000 |
Чыгаша бөлүгү
№ | Чыгащалардын аталышы | Сумма |
1. | Айлык акы | 216000 |
2. | Мамлекеттик төлөмдөр | 245960 |
3. | Жайыт инфраструктурасын оӊдоого | 40438 |
| Баары: | 502381 |
Бюджеттин киреше жана чыгаша болуктору
Калдык акча 2381
1.Киреше бөлүгү
№ | Малдын түрү | Малдын саны | Бир баш малга алынуучу баа | Бир жылга алынуучу төлөм |
1. | Ири мүйуздүү мал | 1120 | 125 | 140000 |
2. | Кой эчки | 5502 | 25 | 137550 |
3. | Жылкы | 370 | 185 | 68450 |
| Баары |
|
| 346000 |
Башка айыл аймактан келген малдар
№ | Малдын түрү | Малдын саны | Бир баш малга алынуучу баа | Бир жылга алынуучу төлөм |
1 | Ири мүйүздүү мал | 160 | 300 | 48000 |
2 | Кой эчки | 1100 | 50 | 55000 |
3 | Жылкы | 40 | 500 | 20000 |
|
|
|
| 123000 |
Жайытты кыйыр пайдалануудан 31000
Жалпы киреше 500000
2.Чыгаша бөлөгү