Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта – Талдык айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)

2021-жылдын 21-январы № 9/4

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2022-жылгат бюджетин бекитүү жөнүндө.

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы-К.Кайназарованын докладын угуп жана аны талкуулап чыгып,сүйлөшкөн депутаттардын сын пикирлерин угуп, Катта-Талдык айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 21599,7 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга штаты жалпы 32 штаттык бирдик менен бекитилсин,анын ичинен 9 айыл башчы,ВУС-4 штаттык бирдик,кенже тейлөөдөгү кызматкер 3 штат.

3. Айыл башчылардын эмгек акысы айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин денгээлиндеги эмгек акысы жана ветеринардык врачтын (контракт менен) эмгек акысы адистин денгээлиндеги эмгек акысы менен бекитилсин.

4. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга атайын каражат боюнча 4230,0 миӊ сом өлчөмүндө киреше жана чыгаша бөлүгү бекитилсин.

5. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 500,0 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.

6. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп,аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарыпталуусун камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн жана 2022-жылга карата Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнүн статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин.

7. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга резервдик фонду 215,0 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.

8. 2022-жылга карата Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарыпталуусун көзөмөлдөө жагы депутаттардын Катта-Талдык айылдык кеӊешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Катта-Талдык айылдык

кеӊешинин төрагасы:

 

А.А.Муратов