Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта – Талдык айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)

2021-жылдын 21-январы № 9/5

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

Катта-Талдык айылдык кеӊештин депутаттары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп,бул маселени кеӊири талкуулап алар тарабынан киргизилген сунуштардан кийин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө»,токтомуна ылайык жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү төмөндөгү ыйгарым укуктарды келишимдин негизинде өткөрүп алууга мүмкүнчүлүк бар жана сиздер тараптан жөнөтүлүүчү келишимди айылдык кеӊеш тарабынан бекитүүгө даяр экендигин билдирет.

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Суу райондук Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн айрым мамлекеттик укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы (К.Кайназарова)-келишимдин 4.2-беренесинин жана 6.4-беренелеринде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык ВУС инспекторун материалдык жана финансылык жактан колдоону камсыз кылсын.

3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адисти жумушка дйындоо, жумуштан бошотуу жана кошумча милдеттерди жүктөө укугу айыл өкмөтүнүн башчысына берилсин.

4. Келишимдин бир нускасы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаментине жүктөлсүн.

 

Катта-Талдык айылдык

кеӊешинин төрагасы:

 

А.А.Муратов

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым

мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

1. Келишимдин тараптары

1.1 Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти,мындан ары «Департамент»деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 30-сентябрьындагы №238 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө  буйругунун негизинде аракеттенген директор М.К.Пратованын атынан, бир тараптан,жана Катта-Талдык айыл өкмөтү

(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын толук аталышы),мындан ары «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы» деп аталуучу уставтын  негизинде  аракеттенген Жантөрөев Кантөрө Жантөрөевич

(фамилясы,аты,атасынын аты), экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар»  деп аталуучу,   Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жарандык абалдын аткарылары жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө»  мыйзамдардын,      Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрельиндеги  №238 токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.

2. Келишимдин негизи

2.1.Департамент ,      Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө » токтомуна ылайык Катта-Талдык айыл өкмөтү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:

       - ,      Кыргыз Республикасынын   жарандарынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даярдалган паспортту берүү; 

       -        Кыргыз Республикасынын  жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү;

       - жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо;

       - баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү;

       - никелешүүнү мамлекеттик каттоо,ошондой эле никелешүү тууралуу күбөлүк берүү;

       - өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо, ошондой эле өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү;