Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА–ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта – Талдык айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясынын (жетинчи чакырылышынын)

2021-жылдын 21-январы № 9/7

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Садирбай айылындагы эски мечиттин ордуна жаӊы мечит салуу жөнүндө

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Садырбай айылындагы эски мечиттин имаратынан жаракалар кетип, Кыргыз Республикасынын экологиялык техникалык көзөмөлдөө инспекциясынын Кара-Суу райондук башкармалыгынын корутундусунун негизинде пайдаланууга жараксыз деп табылгандыктан Катта-Талдык айылдык кеӊеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Садырбай айылындагы эски мечиттин имаратын бузуп, оордуна кайрадан жаӊы мечит курууга уруксат берилсин .

2. Эски бузулган мечиттен чыккан курулуш материалдарды айыл өкмөттүн эсебине алуу жумуштарын жүргүзүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы К.Кайназаровага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Катта-Талдык айылдык

кеӊешинин төрагасы:

 

А.А.Муратов