ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз IV (төртүнчү) сессиясы
2021-жылдын 10-декабры № 21/IV-28
Алмалуу айылынын тургундарынын “Джакшибаев Оросбек Укуевичке “Ысык-Ата айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”кайрылуусун кароо жөнүндө
Алмалуу айыл тургундарынын “Джакшибаев Оросбек Укуевичке “Ысык-Ата айыл аймагынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгарууну өтүнүп кайрылган” кайрылуу каты менен Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары таанышып чыгып, Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2-пунктусуна ылайык Джакшибаев Оросбек Укуевич - Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн сантехниги, Алмалуу айылынын суу системасын оңдоодо кошкон салымын жана көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Джакшибаев Оросбек Укуевичке Ысык-Ата айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |