1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
27.09.2021-жыл № 5
1-Май айыл аймагынын 2021-жылдын атайын каражатынын III кварталына кошумча акча каражатын киргизүү жөнүндө
Ала-Бука районунун 1-Май айылдык аймагынын 2021-жылдын атайын каражаттын III кварталынын кошумча атайын каражат эсебине келип түшкөн акча каражатын киргизүү жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1.1-Май айыл аймагынын 2021-жылдын атайын каражаттын III кварталына кошумча келип түшкөн 1550,000(бир миллион беш жүз элүү миң) акча каражаты башкаруу аппаратынын учурда мүлктөрдү оңдоо статьясына киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Кулуев |