1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
30.10.2021-жыл № 7
1-Май айыл аймагынын 2021-жылдагы бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-Май айыл аймагынын 2021-жылдын бюджеттик каражаттын III кварталына өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл аймагынын бюджеттик каражатынын III кварталына карата 2021-жылдын башында пландалган кирешеден ашыкча түшкөн жалпы 3340,0(үч миллион үч жүз кырк миң) сом акча каражаты төмөнкү статьялар боюнча бөлүштүрүлсүн.
№ | Статьялар | Сумма (миң сом) | Бөлүмдөр |
1 | Көмүр сатып алуу | 260,0 | Мектеп |
2 | Ар түрдүү чыгым | 500,0 | Мектеп |
3 | Учурда мүлктөрдү оңдоо | 600,0 | Мектеп |
4 | Учурда мүлктөрдү оңдоо | 250,0 | Балдар бакчасы |
5 | Ар түрдүү чыгым | 250,0 | Балдар бакчасы |
6 | Учурда мүлктөрдү оңдоо | 200,0 | Маданият үйү |
7 | Ар түрдүү чыгым | 380,0 | Башкаруу аппараты |
8 | Учурда мүлктөрдү оңдоо | 400,0 | Башкаруу аппараты |
9 | Транспорттук кызмат көрсөтүү | 500,0 | Башкаруу аппараты |
| Жалпы: | 3340,0 |
|
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Кулуев |