1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
17.12.2021-жыл № 11/11
1-Май айыл аймагынын 2021-жылдын атайын каражатынын IV кварталына кошумча акча каражатын киргизүү жөнүндө
Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын 2021-жылдын атайын каражаттын IV кварталынын кошумча атайын каражат эсебине социалдык кызматташуу боюнча келишимге ылайык келип түшкөн акча каражатын киргизүү жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл аймагынын 2021-жылдын атайын каражаттын IV кварталына кошумча келип түшкөн 600.000(алты жүз миң) сом акча каражаты төмөнкү статьялар боюнча бөлүштүрулсун.
№ | Статьялар | Сумма (миң сом) | Бөлүмдөр |
1 | 2221 учурдагы мүлктөрдү оңдоо | 330,0 | Башкаруу аппараты |
2 | 2222 жабдуу алуу | 270,0 | Башкаруу аппараты |
3 | Жалпы. | 600,0 |
|
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Кулуев |