Редакцияот 17.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз XI сессиясы

 

17.12.2021-жыл № 11/12

1-Май  айыл  аймагынын  2021-жылдагы  бюджетине  өзгөртүү  жана  толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө

 

 1-Май  айыл  аймагынын 2021-жылдын  бюджеттик  каражаттын IV кварталына өзгөртүү киргизүү  жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын  айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин  билдирүүсүн   угуп  жана  талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз XI  сессиясы  токтом кылат:

1.   1-Май  айыл аймагынын  бюджеттик каражатынын  III  кварталына  карата 2021-жылдын  башында  пландалган  кирешеден ашыкча  түшкөн  жалпы 3340,0(үч  миллион үч  жүз  кырк миң) сом  акча  каражаты  төмөнкү  статьялар  боюнча  бөлүштүрүлсүн.

 

№

Статьялар

Сумма (миң сом)

Бөлүмдөр

1

2215 Ар түрдүү чыгымдар

-500,0

Балдар бакчасы

2

2222 Жабдуу  алуу

-250,0

Балдар бакчасы

3

2215 Ар түрдүү чыгымдар

-249,0

Мектептер

4

2222 Жабдуу алуу

-710

Мектептер

5

2221 Учурда  мүлктөрдү оңдоо

+1709,00

Башкаруу аппараты

6

Жалпы:

1709,0

 

 

2.   Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында  мыйзамдын  чегинде  чыгымдоо  1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.

3.   Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын    ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

4.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

Төрага

 М.Кулуев