Редакцияот 24.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз XII сессиясы

 

24.12.2021-жыл № 12/13

1-Май  айыл  аймагынын  2022-2026-жылдарга карата туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык Планын бекитүү жөнүндө

 

1-Май айыл өкмөтүнүн  2022-2026-жылдарга карата туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык Планын бекитүү боюнча   айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын  2021-жылдагы  кезектеги   XII сессиясы  токтом кылат:          

1.  1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга карата туруктуу стратегиялык Планы бекитилсин.

2.  1-Май айыл аймагынын  айыл Өкмөтүндө   стратегиялык Пландын негизинде иш жүргүзүлсүн.

3.  Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын    ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү     жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

 

Төрага

 М.Кулуев