1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
24.12.2021-жыл № 12/15
1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетин жана атайын каражатын бекитүү жөнүндө
1-Май айылдык Кеңешинин IX чакрылышынын XII сессиясынын кун тартибине киргизилген 1-Май айылдык аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетин жана атайын каражатын бекитүү жөнүндө, 1-Май айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып чыгып, депутаттарынын сунуштарын эске алуу жана депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджети 29232,4(жыйырма тогуз миллион эки жүз отуз эки миң төрт жүз) сом деп бекитилсин;
2. 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдагы атайын каражатынын көлөмү 1400,0(бир миллион төрт жүз) сом деп бекитилсин;
3. 1-Май айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетин жана атайын каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл аймагынын башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин;
4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | М.Кулуев |