1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
17.02.2022-жыл № 13/2
1-Май айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга карата түзүлүшү жана 2023-2024-жылдарга карата божомолдору жөнүндө
1-Май айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга аткарылышы, түзүлүшү жана 2023-2024 жылдарга карата долбоору жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин докладын угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын 2022-жылдагы кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата аткарылышы,боюнча берилген айыл Өкмөтүнүн отчету канааттандырарлык деп табылсын;
2. 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата түзүлүшүнүн долбоору, 2023-2024-жылдарга карата божомолдору кабыл алынсын;
3. Жергиликтүү бюджеттин 2022-жылга карата түзүлүшүнүн киреше жана чыгаша бөлүгү 29232,4(жыйырма тогуз миллион эки жүз отуз эки миң төрт жүз)сом атайын каражаттар 1,400(бир миллион төрт жүз )сом деп кабыл алынсын;
4. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын эффективдүү, сарамжалдуу пайдалануу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге,ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
5. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | М.Кулуев |