Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезектеги XIII сессиясы

 

17.02.2022-жыл № 13/4

1-Май айыл Өкмөтүнө “Жакшыбай ”кооперативи  тарабынан   жазылган,  жерди  ижарага  алып иштетүү  сунушу  жөнүндө

 

    1-Май айыл  аймагына  караштуу 1-Май колхозунун 1994-жылы  даярдалган жер  аянтын инвентеризацияло делосуна  456-457-контурда жайгашкан жалпы аянты 9,7га таштуу  жайыт  жана  курулуш жер  болуп  көрсөтүлгөн Сумсар  айыл өкмөтүнө  тиешелүү аманальный склад  кампанын жерин ижарага берүү жөнүндө   айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын  2022-жылдагы  кезектеги I сессиясы токтом кылат

1.   “Жакшыбай” кооперативи тарабынан  9.7га жерди  ижарага алып  иштетүү сунушу кабыл алынсын;

2.   Жер участогун инвентаризациялоо,жер  аянтына  тиешелүү  иш  кагаздарын  даярдоо  жогорку  органдардан  каттоодон  өткөрүү  айыл  Өкмөтүнүн  башчысына;

3.   Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын   ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү  жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

4.   Бул   токтомдун  аткарылышын жана  көзөмөлдөө  жагын  өзүмө  калтырам.

 

Төрага

 М.Кулуев