Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезектеги XIII сессиясы

 

17.02.2022-жыл № 13/7

1-Май айыл Өкмөтү жоопкерчилиги чектелген  “ОСОО ВИКОН”, “ОСОО СТЕН”, “ОСОО  ГЕОЛОГИЯ РАЗВЕДКА” коомдорунун  эффективдүү иш  алып  барбагандыгы   жөнүндө

 

           1-Май айыл Өкмөтү жоопкерчилиги чектелген  “ОСОО ВИКОН”, “ОСОО СТЕН”, “ОСОО  ГЕОЛОГИЯ РАЗВЕДКА” коомдору бизге лицензия  алып келип, иштөөгө  уруксат алып кетишкен, бирок бир да жолу  келбегенин, эффективдүү иш  алып  барбагандыгы  жөнүндө  айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын  2022-жылдагы  кезектеги  I сессиясы токтом кылат:

1.   “ОСОО ВИКОН”, “ОСОО СТЕН”, “ОСОО ГЕОЛОГИЯ РАЗВЕДКА” коомдорунун жоопкерчиликсиз иш алып баргандыгына байланыштуу компанияларга берилген макулдашуулар кайтарылып алынсын;

2.   Токтомдун  аткарылышы айыл  Өкмөтүнүн  башчысына  милдеттендирилсин;

3.   Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү     жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;

4.   Бул   токтомдун  аткарылышын жана  көзөмөлдөө  жагын  өзүмө  калтырам;

 

Төрага

 М.Кулуев