Редакцияот 11.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз XV сессиясы

 

11.04.2022-жыл № 15/11

Аймактагы  насостук станциялардын, суугат системаларынын даярдыгы жөнүндө

 

     1-Май  айылдык аймагынын  жазгы талаачылык иштерине карата айылдарда аткарылып жаткан иштер жана аймактагы насостук станциялардын, суугат системаларынын даярдыгы  жөнүндө, 1-Май  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:

1.   Айыл  аймагындагы насостук станциялардын кемчиликтерин жоюу, эскирген  тетиктерин тез арада алмаштырып, ремонттоо Ала-Бука РУВХнын 1-Май участкасынан суралсын жана элди суу менен толук камсыздоодо зарылчылыгы көрүлсүн;

2.   Суугат сууну  мыйзамсыз пайдаланган жарандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлсүн;

3.   Ушул токтомго ылайык, суугат суу менен камсыздоо жаатындагы жүрүштөрдү  оперативдүү мөөнөттө  аткаруу, Ала-Бука РУВХнын 1-Май участкасынын жетекчиси А.Бөрүкуловго, “Сумсар-Сай” СПА жетекчиси А.Тойчиевге милдеттендирилсин;

4.   1-Май айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин даярдыгында бир топ иштер аткарылып жаткандыгы белгиленсин;

5.   Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын    ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

6.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин агрардык маселелер СПА.суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

 М.Кулуев