Редакцияот 11.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз XV сессиясы

 

11.04.2022-жыл № 15/13

Кыргыз Республикасынын Президентинин “ Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жанан маркумду эскерүүүрп-адаттарын тартиппке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ № 54 Жарлыгынын алкагында аткарылуу иш чаралардын планын аткаруу  жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” ПЖ № 54 Жарлыгынын алкагында  аткарылуучу иш чаралардын планын аткаруу жөнүндө 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айыл өкмөтүнүн баяндамасын угуп жана талкуулап, 1-Май Айылдык Кеңешенин шч чакырылышынын 2022-жылдагы кезексиз хм сессиясы  токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” ПЖ № 54 Жарлыгынын алкагында  аткарылуучу иш чаралардын планын аткарууда үй-бүлөлүк, маарекелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-жараларды өткөрүүгө ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлсүн;

2. Айыл Өкмөтүндө бекитилген иш плпнга ылайык ар түрдүү сарпталуучу акча каражаттарын ажыратып берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнөн суралсын;

3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын    ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү  жагы 1-Май айылдык кенешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

    

Төрага

 М.Кулуев