Редакцияот 15.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз XVII сессиясы

 

15.04.2022-жыл № 17/20

1-Май айыл Өкмөтүнө караштуу №17 “Жаш-Тилек” жана  №27 “Ак-Тилек” мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын тамак-аш төлөмүнүн  баасын көтөрүү жөнүндө

 

Азык-түүлүк  бааларынын  кескин  көтөрүлгөндүгүнө  байланыштуу, бала-бакчаларда тамак-ашка   болгон төлөмдөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 1-Май  айыл Өкмөтүнүн башчысы  М.Шербаевдин  маалыматын  угуп  жана  талкуулап,1-Май  Айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз  IV сессиясы  токтом кылат:

1.  Бала-бакчадагы ар бир баланын бир айлык тамак-аш төлөмүмүнүн баасы 2022-жылдын апрель айынан тартып, орто эсеп менен 650 сом деп  белгиленсин;

2.  Балдардын тамак-ашына  төлөнүүчү төлөм ар айдын 25-30-кунунө чейинки аралыкта төлөнүп берилсин;

3.  Балдарды бакчага тартууда электрондук кезекке коюу боюнча бакча администрациясы  тарабынан ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;

4.  Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында  мыйзам  чегинде  чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;

5. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү   жагы 1-Май айылдык кенешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

6. Бул  токтомдун  аткарылышын жана  көзөмөлдөө  жагын  өзүмө  калтырам.

 

Төрага

 М.Кулуев