А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII шайланган депутаттарынын кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 3-2
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021 - жылга карата жергиликтүү бюджетине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчисинин 2021-жылдын 21-июнундагы №02-3/212 буйругунун негизинде А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлгөн убакытта 2019- 2020-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин резерф фондунан 78200 сом акча каражаты туура эмес багытта пайдаланып калынган, ошол акча каражатын 2021 - жылга карата каралган бюджетинин резерф фондунан кыскартуу жөнүндө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин резерв фондунан 56050 (элүү алты миң элүү) сом, 2020- жылдын жергиликтүү бюджетинен 22150 (жыйырма эки миң бир жүз элүү) сом, жалпысы болуп 78200 (жетимиш сегиз миң эки жүз) сом акча каражаттар аудиттик текшерүүнүн натыйжасында туура эмес багытта иштетилгендигине байланыштуу, 2021-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин резевдик фондунан 78200 (жетимиш сегиз миң эки жүз) сом азайтылсын.
2. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ю.Сайтбаев жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровдорго жүктөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы : |
Ш.Гафаров |