Редакцияот 19.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2022-жылдын 19-январы № 5-2

А.Мирмахудов атындагы айыл аймагындагы Арал айылына мал базар куруу үчүн 3,0га жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын экономикасын өнүктүрүүнүн мындан ары өркүндөтүү жана жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү максатында Арал айылында келечекте мал базары куруу демилгеси жаралып, аталган объект үчүн Арал айылынын четинде жайгашкан жайыт жерлердин тизмесине кирген №1830 контурунан 2,4 га жана №1828 контурдан 0,60га жалпы 3,0га жайыт жер аянтын тандалган.

Жогорудагы маселе боюнча 2022-жылдын 13-январында айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Д.Ажибеков айылдык кеңешке сунуш менен кайрылган.

Айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиялары маселени карап чыгып, эгерде мыйзам жол берип, жогорку органдарда маселе он жакка чечилсе айыл өкмөтүбүздүн жергиликтүү бюджетин көтөрүүгө жакшы саамалык болорун белгиленди.

А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши жогорудагы демилгени ар тараптуу карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 1-пункт, 1,15-бөлүмчөлөрүнүн, 34-беренеси, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы протоколун, Кыргыз Республикасынын «Кыргызмамжердолбоор» институтунун «Түштүк топурак агрохимиялык станциясы»нын 2022-жылдын 1-февралыдагы №37 сандуу корутундусунун, Ноокат шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 27-декабрындагы №145/21 корутундусунун талаптарынын жана А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 13-январындагы №01-34/02 сандуу сунуш катына негиз  А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын  кезектеги  V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 1-пункт, 1,15-бөлүмчөлөрүнүн, 34-беренеси, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы протоколун, Кыргыз Республикасынын «Кыргызмамжердолбоор» институтунун «Түштүк топурак агрохимиялык станциясы»нын 2022-жылдын 1-февралыдагы №37 сандуу корутундусунун, Ноокат шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 27-декабрындагы №145/21 корутундусунун талаптарынын жана А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 13-январында №01-34/02 сандуу каты жетекчиликке алынсын;

2. А.Мирмахудов атындагы айыл аймагындагы Арал айылына мал базар куруу үчүн Арал айылынын четинде жайгашкан, жайыт жерлердин тизмесине кирген, максаттуулугу боюнча пайдаланууга ыңгайсыз болгон, №1830 контурунан 2,4 га жана №1828 контурдан 0,60га жалпы 3,0га жайыт жер аянтын 3,0га жайыт жер аянтын келечекте «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин;

3. Ушул токтомдун №2 пунктунда белгиленген жер аянтын суралган категориясы боюнча трансформациялап берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын;

4. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын;

5. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а Д.Ажибековго милдеттендирилсин;

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Ш.Гафаров

 

Сессияны өткөргөн:

 А.Ашиева