А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2022-жылдын 19-январы № 5-3
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп алуу жөнүндө
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2021-жылдын 15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш катындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык калкка кызмат көрсөтүүнү ыңгайлаштыруу жана жакшы шарт түзүп берүү максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат
1. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 2021-жылдын 15-декабрындагы №20-1-011/18855 сандуу чыгыш катындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү, төмөнкү ыйгарым укуктарды өткөрүп алууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу,ошондой эле даяр болгон паспортторду берүү;
- баланын туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөдү берүү;
- никени каттоо, ошондой эле нике жөнүндө күбөлүк берүү;
- өлгөндүктү каттоо жана өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү;
- жарандарды жашаган жери жана келген жери боюнча каттоо;
- «балага сүйүнчү» арызын каттоо;
2. Жогорудагы өткөрүп алынган ыйгарым укуктарга жооптуу кызматчы болуп А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Инакова бекитилсин;
3. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Инаковага тапшырылсын;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы : |
Ш.Гафаров |
Сессияны өткөргөн: | А.Ашиева |