Редакцияот 19.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2022-жылдын 19-январы № 5-4

Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк ( түрткү берүүчү) грантына сунушталып жаткан долборлорго жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө.

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылыгдагы А.Навоий атындагы орто мектебин аймагына мини футболдук аянтчасын куруу долбору боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына даярдаган долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги алдындагы үлүштүк (түрткү берүүчү) грантына даярдаган Барын айылыгдагы А.Навоий атындагы орто мектебин аймагына мини футболдук аянтчасын куруу долбору үчүн жергиликтүү бюджеттин 2022-жыл эсебинен 650000 (алты жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын убактылуу милдетин аткаруучусу Д.Ажибековго жана ФЭБнүн башчысы Ш.Гаффаровдорго тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Ш.Гафаров

 

Сессияны өткөргөн:

 А.Ашиева