А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 16-марты № 6-1
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынындагы жолдун бойлоруна кызыл сызыктан өтүп жайгашкан имараттарды жана бак-дарактарды тартиптештирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 254-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн талабына ылайык, бир максат үчүн бөлүнбөгөн жер участогунда курулган, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон чечимди албастан курулган, болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шаар куруу жана курулуш ченемдери менен эрежелерин олуттуу бузуу менен курулган турак үй, башка курулуш, курулма же башка мыйзамсыз мүлк өзү билип курулган курулуш деп эсептелет, ошол эле статьянын 2-пунктунун талабына ылайык, өзү билип курулуш курган адам ага менчик укугуна ээ болбой, ошондой эле курулушту тескөөгө, сатууга, белекке жана ижарага берүүгө, башка бүтүмдөрдү жасоого укуксуз, өзү билип курулган курулуш укугу бузулган адамдын, болбосо тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын доосу боюнча аны курган адам тарабынан же анын эсебинен бузулууга тийиш деп так, даана жызылган. Мына ошого байланыштуу жогорудагы беренелерге негиз, А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы жолдун бойлоруна кызыл сызыктан өтүп жайгашкан имараттарды жана бак дарактарды тартиптештирүү максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 254-1-беренесинин 1-бөлүгү, ошол эле берененин 2-пунктунун талаптары аткарууга алынсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынындагы жолдун бойлоруна кызыл сызыктан өтүп жайгашкан имараттарды жана бак-дарактарды тартиптештирүү максатында жолдун боюна курулган курулуштар жана бак дарактар алып салууга макулдук берилсин.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы : |
Ш.Гафаров |
Орун басары: | Б.Мираев |