Редакцияот 16.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2022-жылдын 16-марты № 6-3

А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2021-жылдан 2022-жылга карата калган бюджеттик калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө.

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджеттик калдыгы, айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу, калктын ден соолугун, социалдык экономикалык жактан жашоосун жакшыртуу, электр энергиясы жана айыл аймагын сугат суусу менен камсыздоо максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесинин талаптарына ылайык

Токтом кылат:

1. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдан 2022-жылга карата бюджети тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн (тиркеме тиркелет)

2. Бекитилген акча каражаттары Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-январындагы «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү»№4 мыйзамынын талаптарына ылайык каржылансын;

3. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жана аткарылгандыгы жөнүндө отчетун берүү жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровго милдеттендирилсин;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

 

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Ш.Гафаров

 

Орун басары:

 Б.Мираев

 

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги

VI сессиясынын 6-3 токтомуна тиркеме

 

2021-жылдан 2022-жылга  калган   бюджеттик калдык эсебинен аткарылуучу иштер тууралуу тиркеме

№

Аталышы

Сумма

1

 

Айыл өкмөттүн 2021-жылдан электр энергиядан болгон карызы үчүн

231 968, 69

Айыл өкмөттүн көмүрдөн болгон карызы үчүн

192 000

Бардыгы:

423 968,69

2

 

Киров айылына жаңы курула турган мини футбол аянтчасына мамлекеттик экпертизадан корутунду алуу үчүн

64 000

Капчыгай айылына курула турган ФАПтын жерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө

35 000

Чапаев жана Барын айылындагы трансформаторлорду айланасын тосууга 

20 000

Айыл аймактагы жолбун ит-мышыктарды атууга

57 000

Барын айылын Таш-коргон участкасындагы ФАПтын имаратына кошумча Имарат курууга

3 370 000

Бардыгы:

3 546 000

3

 

Барын айылындагы элдерди сугат суу менен камсыз кылуучу арыкты реоблитация кылууга

470 530

Айыл аймактагы бардык сугат суу менен камсыз кылуучу арыктарды трактор менен тазалоо иштерине солярка менен камсыздоого

350 000

Айыл аймактагы элдерди электр энергиясы менен камсыздоого жаны электр жабдууларын сатып алууга

Арал  айылынын Чымбай Ата көчөсүнө ЛЭП тартуу жана КТП орнотуу үчүн материал сатып алуу – 1 317 780,0 сом;

Арал айылынын Гаипкулов атындагы көчөсүнө ЛЭП тартуу үчүн матриалдар сатып алууга  - 420 197 сом;

Киров айылынын Ак – Шывак участкасына ЛЭП тартуу үчүн материалдар сатып алуу – 984 997 сом;

Барын айылынын Аэропортная көчөлөрүнө ЛЭП тартуу жана КТП орнотуу үчүн материалдар жана эмеректер сатып алуу – 1 458 700 сом;

Чапаев айылынын Совунгар участкасындагы Жаштык 1,2 көчөлөрүнө ЛЭП тартуу үчүн материалдар сатып алуу -  789 850 сом;

Киров айылынын Саховат участкасындагы ички көчөлөргө ЛЭП тартуу үчүн материал сатып алуу – 942 500 сом.

5 914 024

Бардыгы:

6 734554

            Жалпысы: 10 704 522

 

Жооптуу катчысы:

 Ч.Инакова