А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 16-марты № 6-4
Үй-бүлөлүк бюджетке чоң зыян алып келип жаткан, ашыкча үрп-адат, каада-салттарды кыскартуу боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
(А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 17-3 токтомунун редакциясына ылайык)
Айыл өкмөтүндө каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу, ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө № 203 Жарлыгына таянып А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды, ашыкча чыгымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдө жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча бир катар иштердин аткарылгандыгына карабастан бир топ кемчилдиктер бар экендиги белгиленсин.
2. Каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн демилгелүү топтун иштеп чыккан Жобосу бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Айыл башчылар, мечиттердин имамдары, аксакалдар сотун төрагалары, көчө комитеттери жана аялдар кеңеши мечиттерде, тажияларда, аш-тойлордо жана эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өздөрүн эл арасында үлгү катары көрсөтүү жагы талап кылынсын.
4. Токтомдун мыйзамдуу аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Нурматовго тапшырылсын.
5. Ушул токтомду аткарылышы жөнүндө көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы : |
Ш.Гафаров |
Орун басары: | Б.Мираев |
| А.Мирмахмудов айылыдк кеңешинин кезектеги 6-4 токтомуна тиркеме |
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн айыл башчылары,айылдык кеңештин депутттары,ар бир айылдын имамдары,аксакалдар сотунун төрагасы,аялдар кеңешинин трөайымы, Ноокат РИИБнин Мирмахмудов АМБнүн кызматкерлеринин жана айыл аймагынын активдери менен биргеликте той жана мааракелерде ашыкча ысырапкерчиликти азайтуу боюнча отурумдун протоколундагы иштеп чыккан
ЖОБОСУ
(А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 17-3 токтомунун редакциясына ылайык)
Сүннөт той
1. Сүннөт той өткөрүүдө ата-энелерге,бир туугандарына сарпай берүү,себет тартуу,коно берүү,бир туугандар эмеректерди, тай, машина алып келүүсү токтотулсун,себет,патнис коюлбасын.
2. Коноо берилбесин, токтотулсун.
3. Сүннөт тоюнда тойго союлган жандыктын саныга чектөө киргизилсин, катмыга катышкан аксакалдарга пакет берилбесин
(А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 17-3 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 17-3 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт.
4. Тойлордо аялдар дасторкон көтөрүү токтотулсун,нан албасын жөн гана даамдардан татып кетишсин, тамактын түрү 2 ден ашпасын;
5. Той өткөргөн үй ээлерине калпак кийгизүү,жолук салмай,үрп адаттар токтотулсун.
6. Жамааттарды чакыруу ыктыяр өзүндө (коно берилбейт).
7. Сүннөт той өткөрүлгөн баланын классташтары тойго чакырылбасын
8. Той ичимдиксиз өткөрүлсүн
Үйлөнүү той.
1. үйлөнүү тойдо ЗАГСка чыгуучу машинанын саны 1женил машина,1 спринтер менен чыгышсын,(кафеге чакырылгандардын саны 150 адамдан ашпасын,спирттик ичимдиктерсиз өткөрүлсүн).
2. Кызга калын берүү 150 000сомдон ашпасын.(союш ичинде болсун)
(А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 17-3 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыз тарапка пахта берүү 50кгдан ашпасын
4. Күйөө балдар кыз тарапка барганда күйөө баланы түшүрүп алуу жана аккардион менен ырдоо токтотулсун.
5. Кыз тараптан стенка кыскартылсын,көрпө төшөктөр кыскартылсын,бирден спальный диван,шкаф,жаван,сандыктан ашпасын.
6. Той каерде болбосун,ЗАГСы, тою бир күндө болуп, бир күндө баары бүтсүн.
7. Тойлордо аялдар дасторкон көтөрүү токтотулсун,нан албасын жөн гана даамдардан татып кетишсин, тамактын түрү 2 ден ашпасын;
8. Бата той, кыз узатуу, төшөк жыйуу,күйөө чакырык токтотулсун.
9. Өкүл ата, өкүл апа шакек алуу токтотулсун;
10. Кызга жуучулукка баргандагы, куда тарапка берилуучу зыяпаттар токтотулсун:
11. Тойдун эртеси күнү өткөрүлүүчү иш чаралар кыскартылсын, аялдарга пакет таркатылбасын, конокко келген аялдарга идиш аяктар таратуу жокко чыгарылсын.
12. Күйөө баланы достору менен тосууда ысырапкерчиликке жол берилбесин, тамак аштарга чектөө коюлсун.
Бешик берүү
1. Бешик берүүдө жаны төрөлгөн балага гана берилсин,ата-энелерине сарпай берилбесин, Ата-Эне өздөрү гана барсын,бир женил машинада 5 адам барсын,кошумча тууган уруктарды чакырууга тыю салынсын
Ажы той
1. Ажы той токтотулсун, эч бир жандык союлбасын, зам-зам суусунан жана курмадан гана ооз тийүүгө уруксат.
(А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 17-3 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 17-3 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт.
2. Ажы сапарына жөнөөдө имамдар аркылуу жөнөтүлсүн.
Юбилейлер
1. Ар кандай 10,20 ж.б жылдык, юбилейлер жоюлсун, токтотулсун.
2. Студенттер тарабынан өткөрүлүүчү шеринелер токтотулсун.
Маркум узатуу
1. Киши өлгөн күнү 3 күн аза тутуу болуп, 1 кой сойууга уруксаат жана дасторкон жайылбайт,узак жакындан келген меймандарга кошуналар карашат.
(А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 17-3 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аялдар арасында жыртмайлар,материалдар таркатылууга тыю салынат жана самын-майлыктар берилбесин;
3. Аза күтүү 3 күндөн ашпасын.
4. Аялдар маркум чыккандан кийин барылсын.
5. Маркумдун 40-52 сине тыю салынат.
6. Жылдыктагы ысырапкерчиликке жол берилбесин.
7. Маркумдарга айттык токтотулсун.
8. Айт майрамы майрам катары өткөрүлсүн, үймө-үй кыдыруу токтотулсун.
9. Маркум өткөн үй-бүлөдө көк-кийүү,ак кийүү каада салттарына тыюу салынсын.
10. Маркумга аталып эч кандай кудайылар өткөрүлбөсүн.
Отуруштар
1. Авысын отуруш, бөлө отуруш ж.б ушул сыяктуу отуруштар токтотулсун.
(А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы № 17-3 токтомунун редакциясына ылайык)