Редакцияот 14.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы

 

14.02.2022-жыл № 1

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун жана 2023-2024-жылдарга божомолун бекитүү булактарын бекитүү  жөнүндө

 

 Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун жана 2023-2024-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Раимбекова билдирүүсүн угуп, талкуулап Көк-Арт  айылдык кеңеши токтом кылат:

1.  2023-жылга 12726,0 миң сомго, 2024-жылга 12889,0 миң сомго жергиликтуу бюджеттин кирешелери, ал эми  2023-жылга 6020,0 миң сомго, 2024-жылга 6020,0 миң сомго тендөө грантынын божомолу  бекитилсин.

2.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга бюджетинин сметасын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлөмүнүн башчысы А.Раимбекованын билдирүүсүн эске алып , 2022 – жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салык түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 10360,0 мин сомго, тендоо гранты 6020,0 мин сомго , атайын каражаттардын суммасы 2142,0 мин сомго,  жалпы 18522,0 мин сомго бекитилсин.

3. Тендоо грантынын колому 2022-жылга 6020,0 мин сом өлчөмүндө  бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге   жумшалсын.

4. Айыл окмотунун бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 18522,0 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.

5. 2022-жылга башкаруу бөлүмүнүн чыгымдары ар түрдүү   чыгымдар суммасы 1367,0  миң сом, мулкту учурдагы ондоого 35,0 мин сом, чарбалык буюмдарды алуу чыгымдарына 102,0 мин сом, машиналарды жабдууларды алуу чыгымдары  400,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

6.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08,07,2013-жылдагы № 403-токтомунун негизинде  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн  кызматкерлеринин  саны 22 штат бирдиги кармалсын, айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 жана 2017-жылдын 7 августундагы № 466 токтомунун негизинде ыйгарым укуктуу кызмат менен эмгек акы 4430,9 миң сом, соц фондко чегерүү 652,6 миң сом , жалпы 5083,5 миң сом  бекитилсин. Жергиликтүү бюджеттин эмгек акы фондуна 4112,4 миң сом, соц фондко чегерүүгө 605,6 миң сом бекитилсин.

7. 2022-жылга ыйгарым укуктуу кызмат үчүн (статист) айлык акыга келген акча каражаты ай сайын бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизилсин.

8. Транспорттук чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы № 767 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматтык машинасы үчүн 187,2 миң сом, запчастык тетиктер үчүн 52,8 миң сом, жалпы 240,0 миң сом  бекитилсин.

9.  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтуу бюджеттин резервдик фонду 162,0 миң сом өлчөмундө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жургузулсун.

10.  Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эпизотикалык абалды өз деңгээлинде кармоо учун вакцинация иштерине,массалык жугуштуу оорулардын алдын алууга,өз убагында чара көрүүгө кутурма ооруларга ит мышыктарды атууга 100.0 миң сом акча каражат каралсын.

11.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64-токтомунун негизинде Кок-Арт айыл кеңешинин жоопту катчысынын 1 штат бирдиги каралсын жана 191,6 миң сом эмгек акы фонду бекитилсин.

12.  КРӨнүн 2014-жылдын 15 сентябрындагы № 530 токтомунун негизинде , жергиликтүү кеңештин  төрөгасына  компенсация төлөп берүү жагы каралсын.

13.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 386 “Жайыттар жөнүндөгү “ мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине ылайык Жайыт  пайдалануучулар комитетинин 2022-жылга жалпы кирешеси  506,0 миң сомго, анын  ичинен жер салыгы 83,0 миң сом , жайыт үчүн ижарасы 423,0 миң сомго бекитилип, чыгашасы   337,3 миң сомго  бекитилсин. Жайыт жерлеринин ижарасынын соц фондко чегерүүлөрүнүн акысы, жайыт пайдалынуучулар өздөрү төгүү белгиленсин.

14.  2022-жылга ЖКХ бөлүмүнүн 2214, 2221, 3111,3112 беренелериндеги чыгымдар 4984,7 миң сом  өлчөмүндө бекитилсин.

15.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.04.2021-жылдагы № 135 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги жана эмгек акысын толоо КР өкмөтүнүн  19,01,2011-жылдын № 16 токтомунун негизинде кармалсын. Эмгек акысы 592,8 миң сомго, соц фондко  чегеруу 102,2 мин сомго бекитилсин

16.  2022-жылга билим берүү бөлүмүнүн тамак аш алууга 1263,0 миң сом  бекитилсин.

17.  Мекеме ишканаларга 188 тонна көмурго 714,4 миң сом  бекитилсин .

18. Балдар бакчаларына ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы үчүн 2142,0 мин сомго бекитилсин жана анын чыгымдары  казыналык система аркылуу жумшоосу бекитилсин.

19.  Айыл өкмөтүнүн карамагындагы мектептердин  мугалимдерине КРнын 2003-жылдын 30-апрелининдеги №92 билим берүү мыйзамынын 32-беренесинин 7-пунктуна ылайык жаш мугалимдердин айылга келип иштешине ар тараптуу шарт түзүп жана жардам берүү максатында аларга турак жай куруу үчүн кезексиз конуш  ажыратылып, жаш мугалимдерге  жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алып 6000 (алты миң) сомдон жөлөк пул ( подемный) төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. Элге камиссиянын чечими менен социалдык жардам бөлүмүнө 620,0 миң сом  бекитилсин .

20. КР Өкмөтүнүн 16.04.2019-жыл № 102-Б буйругуна ылайык 2021-жылга электр энергиясынын 637,7 кВт лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү  бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.

21.  Мамлекеттик фондунун жерлеринен тушуучу аренда акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына, ага салык инспекторуна  жеке милдеттендирилсин.

22.  2022-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы № 72 токтомунун негизинде Мамлекеттик сатып алуулар жөнундөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковко милдеттендирилсин.

23.  Айыл өкмөтүндө 2022-жылда бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүү КР  бюджет кодексинин 115-беренесине ылайык , финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу менен сессияга сунушталсын.

24. Бекитилген 2022-жылдын бюджеттик киреше жана чыгыша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак  башкармалыгынан суралсын.

25.  Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы  Э.Жумуковко жүктөлсүн.

26.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.myl.ru расмий сайтына жарыялансын.

27.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Акпаралиевага милдеттендирилсин.

28.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык

Кеңешинин төрагасы

 С.Жуманазаров