Редакцияот 14.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы

 

14.02.2022-жыл № 5

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ЖПБнин төрагасы А.Батыровдун 2021-жылга карата аткарылган иштери жана 2022-жылга карата

бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ЖПБнин төрагасы А.Батыровдун 2021-жылга карата аткарылгаништери жана 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө берген отчетун угуп жана талкуулап  Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX-сессиясы токтом кылат:

1.  Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ЖПБнин төрагасы а.Батыровдун 2021-жылга карата аткарылган иштери жөнүндө берген отчету канаатандыраарлык деп табылсын.

2.  ЖПБнин төрагасы А.Батыровдун 2022-жылга карата бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн kugart.my1.ru  расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

4.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине  киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык

Кеңешинин төрагасы

 С.Жуманазаров

 

 

 

“МАКУЛДАШЫЛДЫ”                                          “БЕКИТЕМИН”

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы                     Көк-Арт ЖПБ төрагасы

_________________С.Жуманазаров      _________________А.Батыров

м.о “_____”______________2022-жыл                         м.о.“_____”__________2022-жыл

 

 

                          2022-жылга карата кирешелер жана чыгашалар

Мекеменин аталышы:                                                                       Көк-Арт ЖПБ

Дареги:                                                                                               Жерге-Тал айылы

Бюджет:                                                                                              Жергиликтүү

 

Статьялар

 

 

Аталышы

2022-жылга жалпы план

 

Жайыт аянты га:

5002

 

Жалпы киреше:

506000

 

Жалпы жайыт аренда акысы:

506000

 

 

 

 

Көк-Арт а/ө 3/1 бөлүгү калат

168667

 

(жер салыгы ичинде)

83000

 

Жалпы чыгаша:

337333

2111

Эмгек акы:

227000

 

Анын ичине: Төрага 10*9000

90000

 

                        Эсепчи 10*7500

75000

 

                        Орун басар 6*7000

42000

 

Чон-Таш участкасынын жайыт адиси 4*5000

20000

2121

Социалдык фондко чегерүү (эмгек акыга) 17,25%

39160

2222

Конц.товар алуу:

5000

2215

Банк кызматы:

2000

2214

Автоунаа кызматы:

36000

 

А.и күйүүчү майлар:

26000

 

А.и. запастык тетиктерге, уста акы:

10000

2221

Социалдык инфраструктураны оңдоо:

23173

 

Резервтик фонд:

5000

 

 

 

Көк-Арт ЖПБнын эсепчиси:                                                     А.Тогузаков