КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясы
14.02.2022-жыл № 6
“Көк-Арт таза-суу – тазалык” ишканасынын жетекчиси А.Энназаровдун 2021-жылга карата аткарылган иштери жана 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык “Көк-Арт таза-суу – тазалык” ишканасынын жетекчиси А.Энназаровдун 2021-жылга карата аткарылгаништери жана 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө берген отчетун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX-сессиясы токтом кылат:
1. “Көк-Арт таза-суу – тазалык” ишканасынын жетекчиси А.Энназаровдун 2021-жылга карата аткарылган иштери жөнүндө берген отчету канаатандыраарлык деп табылсын.
2. “Көк-Арт таза-суу – тазалык” ишканасынын жетекчиси А.Энназаровдун 2022-жылга карата бюджети киреше бөлүгү 830376 (сегиз жүз отуз миң үч жүз жетимиш алты) сомго, чыгаша бөлүгү 964366 (тогуз жүз алтымыш төрт миң үч жүз алтымыш алты) сомго бекитилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык Кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |